• 88.68
  • 95
  • 0.95

Некролог – Обончу жана аткаруучу Дүйшөнбек Үкүев дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын А. Үсөнбаев атындагы Мамлекеттик «Эл шайырлары» фольклордук тобунун ырчысы, обончу Үкүев Дүйшөнбек Такырбашевич (1947-жыл) 2018-жылдын 16-декабрында 71 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Ырчы, обончу Үкүев Дүйшөнбек Такырбашевич 1947-жылы 20-июнда Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районуна караштуу Жеңиш (мурунку Чычкан) айылында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин 1967-жылы Бүткүл Союздук Жаштар фестивалына катышып, лауреат болгон. Ошол эле жылы Кыргыз Мамлекеттик филармониясына ырчы-аткаруучу болуп кабыл алынган.

Дүйшөнбек Үкүев Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын филармонияда 1967- жылдан бери ушул күнгө чейин жемштүү эмгектенип келди. Ал арген үндүү ырчы Ж. Чабалдаевдин шакирти, ырдоодон, аткаруучулуктан таалим-тарбия алган. Анын үнүнүн тембри, аткаруучулук чеберчилигида устаты Жапардын дал өзүндөй болгон. Д. Үкүев элдик жана улуу муундагы ырчы –обончу Муса Баетовдун, Атай Огонбаевдин, Жумамүдүн Шералиевдин, Ашыраалы Айталиевдин ж.б. ырларын өзгөчө эргүү менен аткарган. Ал залкарлардын ашыктык ырларын ырдоо менен өзү да обон чыгарып, ырдап келген. Автордун ондогон обондорунун ичинен «Курбулар», «30 жаш», «Аныкпы», «Аёо», «Келсеңчи учкан куш болуп», «Бир элес», «Сага», «Көз алдымда элесиң», «Сагынам», «Заман шерти» аттуу ырлары обондору алтын казынадан өз ордун тапкан.

1990-жылы Ж.Шералиевдин 75 жылдыгына арналган фетивалда «Көз алдымда элесиң» аттуу ырын аткарып баш байгеге ээ болгон.

1998-жылы өткөн Обончулардын Республикалык кароо-сынагында А. Осмоновдун сөзүнө жазылган өзүнүн «Отуз жаш» аттуу обону менен катышып, биринчи орунга татыктуу болгон.

А.Огонбаевдин 100 жылдык мааракесиндеги конкурста диплом жана баалуу белектерге татыйт.

2002-жылы М. Баетовдун 100 жылдыгына карата өткөн сынакта «Сагынам» аттуу ыры менен конурстун лауреаты болуп, Кыргыз элдик өнөрүн өркүндөтүүгө кошкон чыгармачылык салымы эске алынап, Кыргыз Республикасынын Билим, Илим жана Маданият министрлигинин Ардак Грамотасыны ээ болгон.

2010-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алган.

Дүйшөнбек Үкүев чыгармачылык өмүрүнө элүүдөн ашык обондорду жаратып, эки жүздөн ашык ырларды аткарган. Анын чыгармалары Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган.

Маркумдун сөөгү 2018 – жылдын 18 – декабрь күнү саат 10:00дө Жети – Өгүз районуна караштуу Жеңиш (мурунку Чычкан) айылында жерге берилет.

Пикир

Оставить комментарий