• 88.68
  • 95
  • 0.95

Одессада Кадыржан Батыров каза болду - ММК

Коом 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Кыргызстанда өмүр бою абакка кесилип, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров 4-декабрда Украинанын Одесса облусунда 62 жаш курагында көз жумду.

Бул кабарды “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматына Кадыровдун жакындары ырасташкан. Алардын маалыматына караганда, 4-декабрга оогон түнү Кадыржан Батыров куптан намазын окугандан кийин жатып, ойгонгон эмес.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Жалал-Абаддагы мурдагы өзбек улуттук-маданий борборун жетектеген Кадыржан Батыровго 2010-жылы Кыргызстанда "улут аралык жаңжалды козуткан", "жикчилдикке чакырган", "калайман башаламандык уюштурган" деген айып тагылган жана өмүр бою эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган.

Пикир

Оставить комментарий