• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Опера жана балет театрынын директорунун милдетин аткаруучу ТҮРКСОЙдун медалы менен сыйланды

Маданият 0

Бишкек, 17.03.24. /Кабар/. А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Ишенбек Мамбетов түрк мамлекеттеринин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы үчүн ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун медалы менен сыйланды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, Ишенбек Мамбетов эмгек жолун Опера жана балет театрынын хорунда артист болуп баштап, андан кийин администратор, аткаруучу директор болуп иштеген.

Өз эмгек жолунда Улуттук филармонияда, Маданият министрлигинде бир катар кызматтарда иштеп, Жаш көрүүчүлөр театрын да жетектеген.

Пикир

Оставить комментарий