• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бурсада ТҮРКСОЙ уюмунун туруктуу кеңешинин кезексиз жыйыны өтүп жатат

Маданият 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 31-мартта Түркиянын Бурса шаарында ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министлери жана Түрк кызматташтыгынын башка уюмдарынын жетекчилери катышкан уюмдун туруктуу кеңешинин кезексиз жыйыны өтүп жатат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиргендей, Кыргызстандан кезексиз жыйынга министр Азамат Жаманкулов катышууда.

Жыйындын жүрүшүндө министерлер ТҮРКСОЙ уюмунун укуктук документтерине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилип жаткандыгына байланыштуу жаңы сунушталып жаткан өзгөрүүлөр талкуулануусу күтүлүүдө.

Мындан сырткары, кезексиз өтө турган турган жыйында Түрксойдун баш катчысын шайлоо, 2023-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары аныктала турган шаарды талкулоо жана бекитүү, 2022-жылы өтө турган иш-чаралар планына толуктоолорду киргизүү жана кезексиз жыйындын протоколу жана жыйынтыктоочу декларацияларына кол коюу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий