• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облусунда эки адам сууга чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 21.05.19. /Кабар/. Ош облусунун Нур-Абад айылында бир аял киши менен бир эркек суу каналга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кырсык тууралуу маалымат кечээ, болжол менен саат 13:50дө келип түшкөн.

Аларды издөө иштерине 44 куткаруучу жана 20 милиция кызматкери тартылган. Бирок, азырынча алар табыла элек. Издөө иштери бүгүн уланат.

Издөө иштерине жардам көрсөтүү боюнча Өзбекстан тарапка кат жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий