• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ош шаары жаңы жылды кандай тосот?

Аймак 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Ош шаарында 31-декабрь күнү борбордук аянтта “Жаңы жыл – 2022” аталышында майрамдык иш-чара өтөт. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, экинчи борбор калаада жаңы жылдык концерттик программалар күндүзгү саат 12:00дөн түнкү саат 22:00гө чейин уланат.

Белгиленгендей, 31-декабрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында төмөндөгүдөй иш-чаралар өтөт:

12:00-13:00 – №1 С.Бекмуратов атындагы балдар музыкалык мектебинин концерттик программасы

13:00-14:00 – №2 П.И.Чайковский атындагы искусство мектебинин концерттик программасы

14:00-15:00 – “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун концерттик программасы

15:00-16:00 – Ниязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын концерттик программасы

16:00-17:00 – Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мугалимдеринин концерттик программасы

17:00-18:00 – ОшМУнун концерттик программасы

18:00-19:00 – ОшМПУнун концерттик программасы

19:00-20:00 – Ош шаардык маданият башкармалыгынын концерттик программасы

Саат 20:00дөн тарта мэр Алмаз Мамбетов баштаган жетекчилер элди жаңы жылы менен аянттан куттуктап, фейерверк менен коштолот.

20:30дан саат 22:00гө чейин жаштар комитети тарабынан даярдалган концерт тартууланып, дискотека уюштурулат.

Ош шаарынын тургундарын жана конокторун аянттагы майрамдык шаңга күбө болууга чакырабыз!

Пикир

Оставить комментарий