• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарынын аймагында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Өлкө аймагына коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Ош шаарынын аймагында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-июлда ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан шаардагы Амир-Тимур, Курмандан-Датка, Манас-Ата, Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыктарында жайгашкан шайлоо участкалары, азык-түлүк сатуучу дүкөндөр, банктар, дарыканалар, тротуарлар жана башка эл көп барган жерлер залалсыздандырылды.

Дезинфекциялоо иштери республиканын бардык аймактарында улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий