• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ош жана Санкт-Петербург шаарлары эки тараптуу кызматташтыкты бекемдейт

Коом 0

Бишкек, 24.09.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов Санкт-Петербург шаарынын Өкмөтүнүн мүчөсү Евгений Григорьев баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда социалдык-экономикалык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданий багыттарда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, ишкерлер арасында өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, мектептер менен кесиптик-техникалык билим берүү мекемелеринин ортосунда тажрыйба алмашуу туурасында сүйлөшүүлөр жүрдү.

Замир Юсупов, Ош шаарынын мэринин атынан келген конокторго эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүсүүнө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирип, эки шаардын байланышы, алака-мамилелери мындан ары да бекемделе бере тургандыгын кошумчалады.

Евгений Григорьев жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, боордош шаарлардын өз ара тыгыз кызматташтыгын натыйжалуу ишке ашыруу максатында иштеп жаткан өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында дагы да тыгыз иш алып баруу үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

Мындан сырткары, медициналык кызматкерлерди практикалык негизде амбулатордук дарылоо боюнча Санкт-Петербург шаарында тажрыйба алмашуу үчүн окутууларды уюштуруу, келээрки жылдын октябрь айында Ош шаарында Санкт-Петербург күндөрүн өткөрүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун соңунда, тараптар мындан аркы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашышты.

Белгилей кетсек, Ош шаары Орусиянын Санкт-Петербург шаары менен 2004-жылдан бери достук мамиле түзүп, кызматташып келет.

Пикир

Оставить комментарий