• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ошто чала таанышын дары берип уктатып, 60 миң сомун уурдап кеткен аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.09.22. /Кабар/. Ош шаарында милиция кызматкерлери чала таанышын дары берип уктатып, 60 миң сом акчасын тоноп кеткен аялды кармады.

Шаардык милициядан билдиргендей, ал 3-июлда Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинде жашаган улгайган аял менен таанышып, анын ишенимине кирип, үйүнө келген. Андан кийин үй ээсинин ден соолугуна пайдалуу экендигин айтып 3 даана белгисиз дарыны берген. Натыйжада дарыларды ичип алган жабырлануучу эч-учун жоготуп койгон.

Шектүү кырдаалдан пайдаланып жабырлануучунун 60 миӊ сом акчасын алып чыгып кеткен.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү Р. Х. 30-август күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Кылмыш-хаза кодексинин 205-беренеси ("Уурулук") менен кылмыш иши козголду.

Ош шаардык соту тарабынан шектүүнү тергөө иштери аяктаганга чейин 15 күнгө абакта кармоо боюнча чечим чыгарылды.

Белгилей кетсек, кылмышка шектүү уурулук жана алдамчылык кылмыштары боюнча мурда бир нече ирет сот жообуна тартылган.

Пикир

Оставить комментарий