• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Премьер “Айыл банкты” дыйкандарга насыя берүүнү кечеңдетип жатканы үчүн сындады

Өкмөт 0

Бишкек, 23-май /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков “Айыл банкты” дыйкандарга насыя берүүнү кечеңдетип жатканы үчүн сынга алды. Өкмөттүн жыйынында С.Жээнбеков бүгүнкү күнү насыя алуу үчүн кезекте 14 миң адам турат. 1,7 миң адамга насыя берилген.

“Силер айыл чарба тармагынын өнүгүшүнө тоскоол болуп жатасыңар. Өткөн жылга салыштырмалуу 425 млн сомду аз бергенсиңер. Силерге натыйжаны былтыркы жылга теңдөө үчүн бир айлык мөөнөт берем, болбосо кызматыңардан бошотом”, - деди ал.

Өз кезегинде, “Айыл банктын” башкармалыгынын төрагасы Мурат Акимов мал чарбачылыгына 543 млн сом, айыл чарбасына – 144 млн со жана кайра иштетүүгө 34 млн сом насыя берилгендигин билдирди.

“Бизде дагы кезекте өткөн насыя боюнча мөөнөтү өтүп кеткен 272 адам турат. Биз Каржы министрлигине алардын чектөөлөрүн алып салуу тууралуу кайрылганбыз. Чечимди алдык, эртең юридикалык негиздеме алып, берип баштайбыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий