• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Премьер медициналык билими бар жарандарды жумушка чакырды

Өкмөт 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов медициналык билими бар жарандарды жумушка чакырды. Өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйынынын жүрүшүндө өкмөт башчы медиктер Саламаттык сактоо министрлиги менен келишим түзүп, иштеп баштоого мүмкүн экендигин билдирди.

Ал белгилегендей, жогорку категориядагы медиктердин айлык акысы 70 миң сомго чейин көтөрүлөт, андан кийинкиси категорияга жараша болот.

“Жатакана, тамак-аш мамлекеттин эсебинен болот”, - деди Боронов.

Пикир

Оставить комментарий