• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Президент Жапаров: Коррупция менен системалуу күрөшпөсө иш алдыга жылбайт

Президент 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. «Коррупция боюнча кандай гана кооз документтерди, стратегияларды кабыл албайлы, аны менен системалуу күрөш болбосо, иш алдыга жылбайт! — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын республикалык кеңешмесинде.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү - мэр, аким, айыл өкмөт башчылары жана башка кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылган фактылар көп кездешүүдө. 2021-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бийликтин 46 башчысы жоопкерчиликке тартылган.

Мамлекет башчысы адамдардын укук коргоо органдарына жана сотторго болгон көз карашын түп тамырынан өзгөртүү керектигин дагы бир ирет баса белгиледи.

«Жогорку трибунадан туруп, дагы да баса белгилеп кетким келет. Биз сиздерден өзгөрүүнү, эрктүүлүктү, чечкиндүүлүктү талап кылам. Мыйзамды туу тутуп, адилеттүү болууга чакырам! Аталган талапты мен бул жыйындын катышуучуларынан эле эмес, бардык мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнөн аткарууну өтүнөм.

Мен сиздер менен коррупция багытында да ачык-айкын ой бөлүшөлү деп жолугушуп отурам. Ушуга чейин оркоюп көрүнгөн коррупциялык элементтерди да көрмөксөн болуп, элден жаап-жашырып жүрүп, ушул абалга келдик. Укук коргоо органдары карапайым калк айтып, көздөрүнө сайып көрсөтүп турган фактыларды да жаап-жашырып, иштерди жымсалдатып бүткөрүп жүрүшкөн», — деди Садыр Жапаров.

Президент белгилегендей, коррупция ар бир тармакты чырмап алган. Мунун баары: мамлекеттик органдардын, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жөнөкөйүнөн тартып, башчысына чейин чиеленишип кеткен коррупцияга малынгандыгынан кабар берет.
Жаңы келген адамдын да башын айлантып, аны коррупцияга аралаштырып салган схемалар түзүлгөн.

Садыр Жапаров УКМКнын Антикорупциялык кызматы коррупцияга каршы күрөшүүдө 2020-жылдын октябрынан баштап ушул күнгө чейин мамлекетке келтирилген зыяндын эсебинен 7,5 млрд. сомду кайтарганын мисал келтирди.

Анын сөзү боюнча коррупцияга каршы күрөшүү үчүн кызматкердин жүрүм-турум стандартын түзүү зарыл. Мындан тышкары, бардык мамлекеттик органдарга санарип программаларды киргизип, элди тейлөө жагын жеңилдетишибиз керек. Бул дагы коррупцияны кыскартууга таасирин тийгизет.

Мамлекет башчысы азыр кыска убакыттын ичинде алардын ишинин оң натыйжаларын көрсөтүү үчүн чечкиндүү кадамдарга баруу зарылдыгына көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий