• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президенттик шайлоо: Дагы бир талапкер БШКга арыз тапшырды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 12-ноябрь күнү президенттик шайлоого катышуу үчүн Турдубекова Элеонора Маратовна Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Турдубекова 1971-жылы 29-июлда төрөлгөн. Ал Бишкектеги Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы болот.

Белгилей кетсек, азыркы тапта президенттике катышуу үчүн БШКга жалпы 17 талапкер арыз тапшырды. Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий