• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Президенттин басма сөз катчысы депутаттарды коңшу өлкөлөргө сын айтууда этият болууга чакырды

Коом 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. КР президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жогорку Кеңештин депутаттарын коңшу мамлекеттердин дарегине сын айтууда этият болууга чакырды.

"Урматтуу депутаттар!

Коңшу мамлекеттерге жана эл аралык мамилелер боюнча сын-пикир айтаарда этият болсонуздар, сураныч!

Депутат - бул саясий кызмат. Ар бир айткан сөзүңүздөргө эл аралык майданда маани берилет жана ага карата реакция да болушу мүмкүн.

Кудайга шугур, бүгүнкү күндө бардык мамлекеттер, анын ичинде коңшулар менен дагы жакшынакай кызматташып келүүдөбүз. Албетте, айрым жагдайлар бар, бирок негизинен жаман эмес. Бардык көйгөйлөрдү эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алып, сүйлөшүү жолу менен чечип жатабыз", - деп жазган ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

Пикир

Оставить комментарий