• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Сүрөтчү Жаналиев мык жана жиптен Түркиянын президентинин сүрөтүн тартты

Коом 0

Бишкек, 22.02.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев мык жана жиптин жардамы менен Түркиянын президенти Режеп Эрдогандын сүрөтүн тарткан.

Сүрөтчүнүн айтуусуна караганда, 18-февралда ал Анталья шаарында “Дүйнөлүк Этно оюндар” коомдук фонду тарабынан уюштурулган жыйынга катышкан.

“Бул жолу мен Түркия президентинин уулу Билал Эрдоган менен кезигип, 56 өлкөдөн келген делегаттардын катышуусунда сүрөттү тапшырдым. Сүрөттү бүткүл кыргыз калкынын атынан бердим”,-деп билдирди ал.

Буга чейин Азамат Жаналиев Чыңгыз Айтматов, Ахмат-Хаджи Кадыров, Владимир Путин, Петр I, БАЭнын шейхтери жана Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулгадага окшогон белгилүү инсандардын сүрөтүн тарткан. Сүрөтчү өзүнүн эмгектерин патенттеген.

Пикир

Оставить комментарий