Бишкек, 11.11.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Сауд Аравия Падышалыгынын Эр-Рия шаарына жасаган иш сапарын аяктап, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын (БУУ КӨАК) тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Азербайжанга жөнөп кетти.
Баку шаарында 12-ноябрда мамлекет башчысы Климаттык саммиттин ачылыш аземине катышып, конференциянын пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.
Кыргызстан тарабынан Азербайжан жана Монголия менен биргеликте БУУ КӨАК КОП29 талааларында уюштурулуп жаткан “Жогорку деңгээлдеги диалог: Тоо күн тартибин илгерилетүү жана тоолор темасын жана климаттын өзгөрүшүн актуалдаштыруу” иш-чарасында президент Садыр Жапаров, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Непалдын президенти Рам Чандра Поуделдин, ошондой эле башка делегациялардын жана эл аралык уюмдардын башчыларынын сүйлөгөн сөздөрү болот. Аталган иш-чара 13-ноябрда өтөт.
Расмий делегациянын курамындагылар:
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов;
- жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев;
- президенттин 2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова.
Пикир
Оставить комментарий