• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлиги: Кыргызстан боюнча обсервацияда 917 адам жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда 917 адам жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Ал эми Кыргызстанда коронавирус жуктургандар менен 3 миң 755 адам жакын байланышта болгон. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал”, - деп баса белгиледи ал.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, байланышта болгондор тыкыр медициналык көзөмөлдө болууда.

Белгилей кетсек, 5-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 843 учуру катталды. Учурда стационарда – 232 жатат, алардын ичинен бешөө реанимацияда. Коронавирус жуктурган 600 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми 11 адам каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий