• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоого болобу? – Башкы пульмонологдун жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 03.10.20. /Кабар/. Бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында профессор, Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев сасык тумоо менен коронавирусту айрымалоого болобу деген суроого жооп берди.

Анын айтымында, коронавирус менен сасык тумоону дээрлик айырмалоого болбойт.

“Мен оорунун белгилери бар адамды көрүп туруп, сасык тумоо же коронавирус экенин так айта албайм. Биз респиратордук оорунун белгилери бар адамдарды COVID-19 менен ооруган болушу мүмкүн деп карашыбыз керек. Алар үйдө обочолонуп, тиешелүү талаптарды, айтылган сунуштарды сакташы керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий