• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Сот тутумунун ишин жөнгө салган мыйзам долбоорлору талкууга коюлду

Коом 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин сайтында “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө”, "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө", “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” жана “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорлору жайгашкан.

Мыйзам долбоорлору иштеп жаткан мыйзамдарды 2021-жылдын 11-апрелинде референдум менен кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорлору менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сайтынан "Мыйзам долбоорлору" бөлүмүнөн таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий