• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Спорт боюнча мамагенттиктин кызматкерлери Канат Аманкуловду узатышты

Коом 0

Бишкек, 20.10.20 /Кабар/. 20-октябрь күнү Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери ведомствонун экс-директору Канат Аманкуловду узатышты. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

Канат Аманкуловдун жетекчилиги алдында жаштар жана спорт тармагында чоң жылыштар болгонун Спорт агенттигинин директору Канат Шабданбаев белгилеп өттү. Атап айтсак, ал жүргүзгөн реформалардын артынан машыктыруучулардын айлык акысы 1,5 эсе көтөрүлдү, жаштар борборлору курулуп, өсүп келе жаткан муундун дараметинин толук кандуу ишке ашырылышына бардык шарттар түзүлүүдө, спортчулар ири эл аралык мелдештерде ийгиликтерге жетишип, аймактарда дене тарбия жана спорт өнүгүп жатат.

«Биз сизди кесипкөй, чынчыл жана максатка умтулган, жаңыланууга дайым даяр адам катары билебиз. Сиздин идеяларыңыз өлкөдө спорт тармагына жана жаштар саясатына оң өзгөрүүлөрдү алып келди. Канат Маратович, сизге жана ведомствонун жамаатына көрсөтүлгөн ишеним жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирем. Спорт жаатында мен көптөн бери эмгектенип келем, азыркы көйгөйлөр жана маселелер менен жакшы таанышмын. Өлкөдө спорттун өнүгүшүнө жана жаштар саясатынын эффективдүү ишке ашырылышына бүт күч-аракетимди жумшаганга даярмын», – деди Канат Шабданбаев.

«Бул төрт жылдын ичинде биз сиздер менен чоң иштерди бүтүргөнгө жетиштик. Башында алдыма койгон максаттардын, милдеттердин баары дээрлик аткарылды. Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгон учурдан тарта биздин спортчулар Дүйнөлүк чемпионаттарда, Азия оюндарында жана башка эл аралык мелдештерде медалдык зачет боюнча рекордго жетишти. Жаштар тармагында да, спорт тармагында да көптөгөн эл аралык долбоорлор ишке ашырылып жатат, бир катар эл аралык макулдашууларга кол коюлду. Бул жана башка жетишкендиктерге кошкон зор салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем», – деп Канат Аманкулов жамаатка кайрылды.

Кыргызстандын спорттук жамаатынын атынан оор атлетика боюнча 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын, дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев ыраазычылык сөзүн айтты: «Жылдап жасаган аракеттериңиз, спортко болгон сүйүүңүз жана эфективдүү чечимдериңиз үчүн рахмат! Сиздин дараметиңиз, көрөгөчтүгүңүз жана билимиңиз ийгиликтүү натыйжаларга алып келди. Бул биздин акыркы жолугушуубуз эмес, мындан ары жаңы нукта кызматташабыз деген үмүтүбүз чоң».

Белгилей кетсек, Канат Аманкулов 2016-жылы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалып, 4 жыл аталган мамлекеттик органды жетектеп келген. Ал ээлеп турган кызмат ордунан бошотуу арызын өз ыктыяры менен тапшырды.

Мамагенттиктин жамааты Канат Аманкуловго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгиликтерди каалайт.

Пикир

Оставить комментарий