Сузак районунун акими: Өзбекстандан келген жардамдын эсебинен 340 медицина кызматкерине бир кап ундан берилет

Аймак 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Сузак районунда Өзбекстандан келген жардамдын эсебинен 340 медицина кызматкерине бир кап ундан берилет. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев билдирди.

"Жарандардын келип жаткан акчалай жардамдарды медицина кызматкерлеринин колуна карматып жатабыз. Сузак ынтымак коому тарабынан келген ун, май түрүндөгү жардамдарды бөлүштүрүп бердик. Өзбекстандан келген жардамдын эсебинен 340 медицина кызматкерине бир кап ундан бөлүштүрдүк. Аны 1-2 күн ичинде алышат. Обсервацияда иштеп жаткандарга да жардам бөлүнүп жатат. Эгер кимге жетпей калса, бизге кайрылсаңыздар биз жардам бергенге даярбыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий