• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэри Сузактагы кырсыктан жабыркаган балдарга материалдык жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган балдардан кабар алды.

Кырсыктан жабыр тарткан 10 бала учурда Бишкектеги балдар шаардык медициналык тез жардам клиникалык балдар ооруканасында дарыланууда.

Дарыгерлер балдардын ден соолугу тууралуу маалымат берип, алардын абалы күндөн күнгө жакшырып бараткандыгын айтышты. Дарыгерлер белгилегендей, зарыл болсо, балдардын ден соолугун толук калыбына келтирүү үчүн кайталап тесттер өткөрүлөт.

Соңунда Бишкек мэри жабыркаган балдарды дарылоо жана реабилитациялоо үчүн мэриянын резервдик фондунан 50 миң сом тапшырды.

Эскерте кетсек, 2-майда саат 11:30дар чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 бала ар кандай жаракат алган. Алардын ичинен абалы оор болгон 10 бала Бишкек шаарына алынып келген.

Пикир

Оставить комментарий