• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ботаникалык бакка мындай көлөмдөгү техника алгачкы ирет берилүүдө – Иван Хегай

Коом 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакта 1 млн 600 миң сомдук атайын техникаларды тапшыруу иш-чарасы өттү.

Ботаникалык бактын директору Иван Хегайдын айтымында, ботаникалык бакка мындай сандагы атайын техника алгачкы жолу берилүүдө. Шаар тургундары да четте турбай, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша тырмоо, күрөк, колкап, таштанды мүшөктөрүн сатып беришти.

"Биз жардамдарды чыдамсыздык менен күттүк. Кызматкерлерибиз бардык сатып берилген каражаттарга абдан кубанышты. Эми мындан ары мурдагыдай кол менен иштебейбиз. Заманбап техниканын көмөгү менен айдоо, сугаруу, отоо чөптөрдөн арылтуу, кыркуу иштерин аткарабыз. Бул абдан чоң салым”, - деди ал.

Ошондой эле Иван Хегай акцияны уюштурган демилгечилерге ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, активисттер Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакка 1 млн 620 миң 700 сомго атайын техникаларды тапшырды. Техника Snow Leopard Run 2023 кайрымдуулук жарым марафонунун жана “Башта” басылмасынын чогулткан акча каражаттарынын эсебинен алынды.

Пикир

Оставить комментарий