• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Төө-Ашуудагы туннелдин жарыктары алмаштырылып, жолу оңдолот

Коом 0

Бишкек, 15.01.23. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолундагы К.Көлбаев атындагы туннелдин жарыктары алмаштырылып, жолу оңдолот. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул транспорт министри Тилек Текебаевдин Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында туннелдин абалы менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Министр Текебаев учурда туннелдеги жарыктар эптеп эле үлбүлдөп күйүп, жол бузулуп бүткөнүнө байланыштуу жарыктарын жаңылап, жазында жолду асфалттоо иштерин баштоону тапшырып, оңдоп-түзөө иштери сапаттуу, заманбап жана эл аралык талаптарга жооп бериши керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, К.Көлбаев атындагы туннель - Бишкек – Ош автожолунда жайгашкан стратегиялык маанилүү объект болуп эсептелип. Республиканын түндүк жана түштүк аймактарын бириктирип, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан. Узундугу 2514 метр, бийиктиги 5,8 м, жол жабуусу 6,6 м болуп, 1962-жылы курулган, акыркы жолу 2000-жылы реконструкцияланган.

Пикир

Оставить комментарий