• 88.68
  • 95
  • 0.95

ТӨУС 2040тын алкагында өкмөт программа иштеп чыкты - Абылгазиев

Коом 0

Бишкек, 01.11.18. / Кабар/. Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы (ТӨУС) 2040тын алкагында өкмөт программа иштеп чыкты. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековдун өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен жолугушуусу учурунда билдирди.

Өкмөт башчы стратегияда экономикага көп көңүл бурулганын белгиледи.

“Азыркы тапта биздин өнөктөштөр бир нече жылдан бери Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүп келе жатат. Каржылык жактан көмөк көрсөтүп, экономиканын реформалануусуна көп көңүл бурушууда. Биз өкмөттө талдоо жүргүзүп, биздин өнөктөш жана донорлар менен системалык байланыш болушу керек деген чечимге келдик”, - деди ал.

Ошондой эле, өкмөт башчы өлкөбүздүн мамлекеттик органдарында донор жана өнөктөштөр менен кызматташуусу үчүн системалык көңүл бурулбай жатканына назар салына баштаганын кошумчалады.

“Ошондуктан, өкмөт Стратегиянын алкагында программа иштеп чыкты. Айтылган экономикалык тармактар боюнча ири документтер кабыл алынат. Жакынкы арада ТӨУС 2040ты ишке ашыруу боюнча план толук иштелип бүтөт”, - деди Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий