• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ташкенте кеңири Wi-Fi тараткан компания ишин баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Ташкентте ири Wi-Fi операторунун ачылыш аземи өттү. Ал SOLA брендинин алдында иш алып барат. Долбоорду Asia Wireless Group компаниясы ишке ашырууда.

Долбоордун авторлору Ташкент ылдам интернете ээ Борбор Азиядагы алгачкы шаар болорун белгилешүүдө.

Учурда Өзбекстан борборунда 1200 Wi-Fi түйүнү бар, жазга чейин алардын санын 5000ге чейин жеткирүү пландалууда.

SOLA системасы бекер жана акылуу кызмат көрсөтөт. Wi-Fi га бекер ээ болуу үчүн алгач рекламалык роликти көрүү керек. Акылуу тарифтер чектөөсүз трафик менен иштейт жана ылдамдыгы жогору болот. Абоненттер бир саатка, бир күнгө, бир жумага же бир айга акы төлөп каттала алышат.

Компания жакында Өзбекстандын туристтик шаарларына, анын ичинде Жизак, Самарканд, Фергана, Анжиян, Наманган, Бухара, Навои, Ургенч жана Каршиде Wi-Fi түйүндөрүн орнотууну пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий