• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ташкентте мас адам кичинекей кызды төртүнчү кабаттан ыргытып жиберген

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Ташкентте бирге жашаган аял менен урушуп кеткен адам анын төрт жаштагы кызын төртүнчү кабаттын терезесинен ыргытып жиберген. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 20-декабрда болжол менен түнкү саат 01:30дарда буга чейин соттолгон 41 жаштагы киши жарандык никедеги аялы менен арак ичип, ортодо уруш чыккан. Анын жүрүшүндө мас болуп калган адам аялдын төрт жаштагы кызын терезеден ыргытып жиберип, ал ошол жерде дароо мерт болгон.

Бул факты боюнча Ташкент шаарындагы Мирзо-Улугбек райондук прокуратурасы тарабынан «Алсыз абалдагы адамды атайылап өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Учурда шектүү кармалып, тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий