• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тажик бийлиги көчөгө беткапсыз чыккандарга айыппул салууга ниеттенүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Тажикстан өкмөтү көчөгө беткапсыз чыккан кишилерди административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна жөнөттү.

Тажикстан бийлиги коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу үчүн жарандарды медициналык беткап тагынууга милдеттендирген. Бирок бул талапты аткарбагандарга чара көрүү боюнча юридикалык негиз жок болчу.

Дарыканаларда беткап 5тен 35 сомониге ($0,5-$3,5) чейин сатылууда.

Жакында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) беткап тууралуу мурдагы эрежесин өзгөртүп, коронавирус көп жайылып жаткан аймактарда жана социалдык обочолонуу эрежесин сактоо мүмкүн болбогон жерлерде беткап тагынуу зарыл экенин билдирген.

Уюм 5-июндагы билдирүүсүндө беткапты вирустун жайылышын алдын алган ыкмалардын бири деп мүнөздөгөн. Ошол эле учурда бетти жаап жүрүү менен гана COVID-19дан толук сактануу мүмкүн эмес экенин эскерткен.

Пикир

Оставить комментарий