• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Тажикстанда велотуристтерге кол салуу иши боюнча сот башка күнгө жылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.11.18. /Кабар/. Башкы айыпталуучу Хусейн Абдусамадовдун ооруп калганына байланыштуу Душанбе-Дангара унаа жолундагы велотуристтерге кол салуу иши боюнча сот отуруму башка күнгө жылдырылды. Соттун көчмө жыйыны Юстиция министрлигинин тергөө абагында өтүүдө.

Маалыматка караганда, айыпталуучу бөйрөгү ооруп калганын айтып сотко келген эмес. Быйыл июлда Дангарада чет өлкөлүк туристтерге кол салган топтун башчысы Хусейн Абдусамадовго каршы кылмыш кодексинин тогуз беренеси менен кылмыш иши козголгон.

29-июлда террорчулар Тажикстанды кыдырып жүргөн чет өлкөлүк туристтерди автоунаа менен койдуруп кетишкен. Андан соң саякатчыларга балта жана бычактар менен кол салышкан. Анда төрт киши мерт болуп, дагы экөө оор жаракат алган. Туристтерге кол салган беш адамдын бирөөсү — Хусейн Абдусамадов гана тирүү калып, калганы ошол жерде өлтүрүлгөн.

Бул иште айыпталуучу катары 15 киши өтүүдө, алардын арасында Хусейн Абдусамадов дагы бар. Жогорку соттун расмий маалыматына караганда, Абдусамадов өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясына 2004-жылы мүчө болуп кирген. 2016-2017-жылдары «Ислам мамлекети» террордук тобунун катарында Сирия менен Ирактагы согуштарга катышкан. Душанбе-Дангара унаа жолундагы туристтерге кол салуу үчүн дал ушул уюм жоопкерчилик алган.

Пикир

Оставить комментарий