• 88.68
  • 95
  • 0.95

Telegram мессенжеринде биринчи расмий жарнама пайда болду

Дүйнө 0

Бишкек, 09.11.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 7-ноябрында Telegram мессенжеринде биринчи расмий жарнама пайда болду. Буга чейин мессенжердин негиздөөчүсү Павел Дуров тармакта реклама жайгаштырыла баштай турганын жарыялаган.

"Sponsored" белгиси бар билдирүү мессенжердеги көптөгөн ири каналдарда акыркы чыккан посттордун алдында пайда болду.

Telegram мессенжери расмий жарнамалык билдирүүлөрдү 4-ноябрда сыноодон өткөргөн.

Мессенжердин негиздөөчүсү жарнама катталуучулары миңден кем эмес каналдарда гана пайда болорун билдирген. Жарнамалык материалдар чаттардан жана топтордо көрсөтүлбөйт. Колдонуучуларга “Телеграмдагы” жарнамаларды өчүрүп коюу мүмкүнчүлүгү берилери күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий