• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Токмокто балык массалык түрдө кырылган эмес. Алардын өлүмүнө амебиаз себеп болгон

Коом 0

Бишкек, 24.01.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Токмоктогу балыктар массалык түрдө кырылган эмес. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Балык чарба ассоциациясынын төрагасы Урмат Жумалиев билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин ЖМКлар Токмок шаарында массалык түрдө балык кырылып жатканын жазып чыгышкан.

Жумалиев балыктар кырылып баштаганда эмне оору экени белгисиз болгонун айтат.

“Алгач балыктар жем жебей, алсырай баштаган. Адистердин жардамы менен ооруну аныктап алдык. Көрсө, бир клеткалуу организм болгон экен. Адистер профилактика жүргүзүү тууралуу маалымат берип кеткен. Учурда сууга туз кошуп профилактика кылуудабыз. Ошондой эле балыктар жүргөн бассейн туура эмес салынып калган. Мындан улам 8 чарба жабыркаган. Бул тармакта жаңы иштеп баштагандар коркуп балыктарын массалык сата баштагандыктан анын баасы түшүп кеткен. Эл арасында дагы балык массалык кырылып жатат деген ушактар пайда болгон. Чындыгында массалык өлгөнү боюнча далил жок”, - дейт ал.

Ветеринар Абай Букушовдун айтымында, 29-декабрдан баштап фермерлерден балыктардын кырылуусу боюнча чалуу түшө баштаган.

“Биз баарын изилдеп, бул амебиаз экенине токтолгонбуз. Бир клеткалуу организмдер балыктын бакалоорунда топтолуп, анын дем алуусуна тоскоолдук жаратат. 3-4 күн дарылоодон кийин жыйынтыгын бере баштады”, - деп айтат Букушов.

Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов 29-январдан баштап маалымат түшкөндө алдын ала чаралар көрүлө баштаганын белгилейт.

“Тилекке каршы, жаңы жылдык майрамдарда лабораториялар иштеген жок, ошону үчүн 10-январда жумушчу топ түзүлүп, чарбаларды карашты. Анализге суу жана балык алынды. Жыйынтыгы 12-январда чыкты, анда зыяндуу заттар жок экендиги көрсөтүлдү. 14 жана 17-январда кайрадан текшерүү жүргүзүлүп, балыктын кырылуусунун себеби бир клеткалуу амебиаз экени такталды”, - деди Ниязов.

Пикир

Оставить комментарий