• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Төрөкан Багынбай уулунун жеңиши жаштар арасында жиу-житсуга болгон кызыгууну күчөттү

Спорт 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Индонезияда өткөн Азия оюндарында Төрөкан Багынбай уулу жиу-житсу боюнча алтын медаль жеңип келген.

Спортчунун машыктыруусу жана бир тууган агасы Баяман Багынбай уулунун айтуусунда, Төрөкандын жеңиши Кыргызстандын түштүгүндөгү жаштар үчүн бул спорт түрү менен машыгууга чоң түрткү берди.

Эки бир тууган Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын “Эң мыкты спортчу жана машыктыруучу” (олимпиадалык эмес спорт түрүнөн) номинациясынын лауреаты болушкан.

Төрөкан “жапон күрөшү” менен 2012-2013-жылдардан тарта машыга баштаган. Буга чейин Бишкектеги Республикалык олимпиадалык резервдик окуу жайында окуган.

Баяман Багынбай уулу айтып бергендей, алар кичине кезинен бери спорт менен машыгып келишет. Башында бокс, кикбоксинг жана самбо менен машыгып, кийинчерээк жиу-житсу менен машыгып кетишкен.

“Азия оюндарына абдан катуу даярдык көргөнбүз. Башында Ошто, андан кийин Бишкекте машыккан. Кийин Ысык-Көлгө да барып машыгып жүрдү. Өзүнүн күчүн сыноо үчүн Москвага машыгууга 1,5 айга барып келген. Биз негизи спортчуларды көп-көп чет өлкөгө машыгууга жибергенге аракет кылабыз. Анткени алар ал жактан жаңы тажрыйба алып жана коркуу сезими менен да күрөшүүнү үйрөнүшөт. Келе жаткан 2019-жылга чоң пландар бар. Эмдиги жылы Дүйнө чемпионаты, Азия чемпионаты: суу оюндары өтөт”, - дейт машыктыруучусу.

“Бир тууганым Кыргызстан үчүн биринчи алтын медаль утканын укканда абдан сүйүндүм. Кыргызстандын желеги көтөрүлүп, гимн ырдалганда адамда болгон сезимдерди сөз менен айтып жеткирүү абдан кыйын. Бул абдан күчтүү сезимдер”, - дейт Баяман Багынбай уулу.

Пикир

Оставить комментарий