Транспорт министрлиги стратегиялык маанилүү коридорлордо акы төлөнөт деген маалыматты четке какты

Коом 0

Бишкек, 08.03.23./Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги стратегиялык маанилүү коридорлордо акы төлөнөт деген маалыматтык четке какты.

Маалыматка ылайык, бир катар ЖМКларда жана социалдык тармактарда стратегиялык маанилүү коридорлордо акы төлөнөт деген калп маалыматтар жарыяланган.

Атап айтканда, Бишкек–Нарын–Торугарт, Ош–Сары-Таш–Эркечтам, Ош–Сары-Таш–Карамык, Эркештам–Сары-Таш–Карамык автожолдорунда.

"Жогоруда айтылган бул жолдор Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан акы төлөнүүчү жолдор катары эсептелген эмес. Ошону менен бирге Транспорт министрлиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) катышуусу менен жолдорду куруу долбоорлорунун үстүндө иштеп жатат, алар инвестицияларды кайтаруунун ар кандай механизмдерин, анын ичинде инфраструктураны пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү белгилөө жолу менен караштырылат.

Ошону менен бирге, КР мыйзамдарына ылайык, бекер альтернативдик жол болгондо гана жолдор акы төлөнөрүн белгилей кетүү керек", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий