• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ: Сууга чөккөндөрдүн көпчүлүгү – балдар

Коом 0

Бишкек, 02.08.18. /Кабар/. Сууга чөккөндөрдүн көпчүлүгү – балдар. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматы бөлүмүнүн башчысы Улан Рысбеков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, сууга чөккөн 104 адамдын көпчүлүгү – жашы жете элек балдар.

104 адамдын 61и балдар. Анын 49у - эркек бала, 12си – кыздар. 50дөн ашык факт - 1 жаштан 14 жашка чейинки балдар.

“Балдар негизи дарыя, канал, арыктарга чөгүшөт. Жакында эле бир аял өзүнүн 2 жаштагы баласын ваннага жуунтуп жатып, телефон менен сүйлөшүп алаксып кеткен. Кайра келсе, баласы өлүп калган экен”, - деди Рысбеков.

Анын билдиргенине караганда, республика боюнча 366 пансионат катталган жана алардын баарында ИИМдин кызматкерлери коопсуздук жана профилактика чаралары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий