• 88.68
  • 95
  • 0.95

Trend: Өзбекстан жана Түркия 2 млрд долларлык келишимге кол коюшту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Тrend: Бейшембиде Ташкентте өткөн соода-экономикалык кызматташуу боюнча өзбек-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын жана бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча текстилдик, электр техникалык, фармацевтикалык, курулуш жана банк тармактарында 30дан ашык долбоорго жалпы суммасы эки миллиард долларга жакын келишимдерге кол коюлду.

Жыйында Өзбекстан жана Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык, каржылык жана техникалык кызматташуу талкууланды.

Өзбекстандын вице-премьери, өкмөттөр аралык комиссиясынын өзбек тараптан тең төрагасы Рустам Азимовдун айтымында, тараптардын товар айлантуун өстүрүүгө потенциалы бар.

Түркиянын премьер-министри, түрк тараптан комиссиянын төрагасы Тугрул Түркеш соода-экономикалык мамилелер эки өлкөнүн президенттеринин келишимдеринен кийин жаңы өбөлгө алгандыгын белгиледи.

Белилүү болгондой, 2016-жылы президенттер Шавкат Мирзияев жана Тайип Эрдоган Самаркандда эки өлкөнүн кызматташуусун өнүктүрүү боюнча “жол картасын” иштеп чыгууну талкуулашкан.

Түркия Өзбекстандын маанилүү соода өнөктөштөрүнө кирет. Өлкөдө түрк капиталы катышкан 441 ишкана иштейт. Анын ичинде 94 ишкана 100% түрк капиталы менен.

Өзбекстандын экономикасына түрк тараптын инвестициясы учурда бир миллиардга жакынды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий