• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

УКМКнын атайын багыттагы аскерлери Дубайда өткөн эл аралык мелдеште 8-орунду багындарды

Коом 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Дубайда өткөн “UAE SWAT Challenge 2023” эл аралык мелдеште Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын атайын багыттагы аскерлери катышкан КР командасы финалдык 8-орунду ээледи.

Атайын кызматтан билдиришкендей, күч түзүмдөрүнүн атайын багыттагы аскерлери арасындагы бул бейрасмий дүйнө чемпионаты 20-24-февраль аралыгында өттү. Быйыл 28 өлкөдөн жарыяланган 65 команданын 55и мелдешке катышты.

Беш күн бою курч таймашта атайын күчтөрдүн кызматкерлери ар кандай тактикалык тапшырмаларды аткарып, тоскоолдуктарды жеңип, ар кандай куралдардан бутага сокку урушту, ошондой эле “барымтадагыларды” бошотуп, жарадарларды эвакуациялашты.

Акыркы этапта атайын күчтөрдүн кызматкерлери эң татаал тоскоолдуктардан өтүшкөн. Командалардын жарымы гана бул тоскоолдуктардан өтө алышкан. КР УКМКнын 9-кызматынын жигиттери төрт мүнөттөн ашык убакыт көрсөтүшүп үчүнчү орунду ээлешкен.

Пикир

Оставить комментарий