• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен Баткендин тургуну кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. УКМКнын кызматкерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен Баткендин тургуну кармалды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (“Пара берүү”) боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 35 миң АКШ доллар (3 млн 59 миң 700 сом) өлчөмүндөгү параны берип жаткан жеринен Баткен районунун 36 жаштагы О.И. аттуу тургуну кармалды.

Аталган жаран УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерине анын мурда аткезчилик менен кармалган жакын тууганына карата кылмыш ишин тергөө жана токтотууга жардам берүү үчүн пара берүүгө аракет кылган.

Учурда тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий