• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош облусунда баңгизат менен 50 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. Ош облусунда баңгизат менен 50 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Кара-Суу районунун Фуркат айылында белгисиз жаран жанында баӊгизат алып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында Кара-Суу районунун аймагындагы жол боюнда Өзгөн районунун 50 жаштагы Г.Н. аттуу тургуну кармалган. Шектүүдөн баштыктын ичинде таңгакталган өзгөчө жыты бар зат, ошондой эле тамекинин сыртына оролгон зат алынган. Аларга соттук-химиялык экспертиза дайындалган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар салмагы 0,78 граммды түзгөн “гашиш” жана 1 кг 790,42 граммды түзгөн “апийим” баӊгизаттары экендиги аныкталган.

Ошондой эле тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн үйү тинтүүгө алынып, салмагы 22,5 гр болгон өзгөчө жыты бар баңгизатына окшогон зат алынган.

Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүнүн негизинде козголгон кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий