• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Новопокровка айылында бала бакча жана жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Новопокровка айылында мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан Ысык-Ата районундагы социалдык маанидеги объектини жана жер тилкесин жеке тарапка мыйзамсыз өткөрүп берүү фактылары аныкталды.

Прокурордук текшерүү учурунда, Новопокровка айыл өкмөтү менен М.А. аттуу жарандын ортосунда Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жайгашкан, аянты 659,02 чарчы метр бала бакчанын имаратын болгону 123 000 сомго сатуу-сатып алуу боюнча мыйзамсыз келишим түзүлүп, кийинчерээк М.А. тарабынан бала бакчанын имараты тартуулоо келишими боюнча башкаларга өткөрүлүп берилгендиги такталган.

Ошондой эле, көрсөтүлгөн айыл өкмөтү тарабынан жогорудагы М.А. аттуу жаранга Новопокровка айылындагы аянты 5222,74 чарчы метр болгон, баасы 6 759 800 сомдук жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарылган. Аталган жер үчүн жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты дагы алынган.

Жогорудагы белгиленген объектилерди мамлекетке кайтаруу максатында, прокуратура тарабынан Ысык-Ата райондук сотуна жана Чүй облусунун райондор аралык сотуна доо арыздар киргизилген.

Соттук кароонун жыйынтыгы менен доо арыздар толук канааттандырылып, айыл өкмөтүнүн чечимдери жана жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акты мыйзамсыз деп табылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган объектилер муниципалдык менчикке кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий