• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Украинада 30 адам шаурмадан ууланып, ооруканага жеткирилди

Дүйнө 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Одесса облусунда 30 адам шаурмадан ууланып, ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу шейшемби күнү Украинанын Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматынан билдиришкенин РИА Новости жазып чыкты.

"1-2-сентябрь күндөрү Одессадагы шаардык жугуштуу оорулар ооруканасына тамак-ашка уулануу деген диагноз менен 30 адам (алардын ичинен бешөө балдар) жаткырылган. Алар Овидиопольск районундагы Авангард айылында шаурма тез татымын жеген", - деп айтылат маалыматта.

Аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жергиликтүү саат менен 7:00дө ооруканада 18 адам жатат. Аларга эпидемияга каршы комплексттик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий