• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Улан Шерипов Ат-Башы райондук сотунун төрагасы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Улан Шерипов беш жылдык мөөнөткө Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотунун төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кол койгон.

Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, күн мурун Замирбек Базарбеков жаңы төраганы кабыл алып, бир катар милдеттерди койду.

Ат-Башы райондук соту тарабынан сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу, иштерди өз убагында кароо жана жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин бекемдөө боюнча тиешелүү чараларды көрүү керектиги айтылды. Ошондой эле анын жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий