• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

"Улуттук энергохолдингдин" төрагасы кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Коом 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын төрагасы Айтмамат Назаров кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу Назаров Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырды.

Ал арызында башка кызматка өтүп жаткандыктан өз каалоосу менен кызматтан кетүүнү туура көргөндүгүн белгилеген.

"Бүгүн мен расмий эмес жана атайын даярдалбаган, жүрөктөн чыккан кайрылуумду жалпы коомчулукка жана өзгөчө мени менен акыркы жылдары иш алып барган эң мыкты энергетиктерге жолдойм. Менин жашоомдун дагы бир унутулгус бөлүгү аягына келип жетти. Бул кызыктуу убакытты мен энергетиктер менен бирге өткөрдүм. Эмгеги анчейин көзгө көрүнбөгөн, бирок эң маанилүү ишти аркалаган энергетиктер менен көп жетишкендиктерге жеттик. Биз бир үй-бүлө боло алдык. Кызматымдан кетүү боюнча арызымды жазып бердим. Рахмат энергетиктер", - деп жазган Назаров.

Пикир

Оставить комментарий