• 88.68
  • 95
  • 0.95

Унаанын "кооз" номерлеринин ээлери өлкөнүн кайсы жерлеринде жашайт? Статистика

Коом 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Онлайн аукциондор аркылуу жана аукционсуз сатылган номерлердин ээлеринин дээрлик 50%ы Бишкек шаарынын тургундары. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын сентябрь айынан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы 33 миң 617 даана мамлекеттик унаа номерин саткан. Анын ичинен борбор калаанын коду "01" менен 15 миң 555 даана. Суроо-талап боюнча экинчи орунда Чүй облусунун коду "08" менен 4 миң 625 аукционсуз жана 128 аукцион аркылуу мамлекеттик унаа номери сатылды. Үчүнчү орунду Жалал-Абад облусу ээледи – "04" аймактык коду менен "кооз" номерлердин 3 миң 399 ээси бар.

Рейтингде соңку орунда "05" коду (Нарын облусу) турат, сандардын өзгөчө айкалышы бар мындай код менен 766 даана унаа номер сатылган.

Маалымдама үчүн: Мамлекеттик унаа номерлеринин жаңы стандарты 2015-жылы иштелип чыгып, алардын форматы өзгөрүлдү: аймак сол жактагы өзүнчө терезеде эки орундуу сан түрүндө белгиленип, ал эми тамгалар жана сандардын үч орундуу айкалыштары серияны белгилей баштады.

Унаалардын жаңы стандарттагы номерлери 2016-жылдын 1-июндан баштап бериле баштаган. 2016-жылдын 21-сентябрында nomer.srs.kg долбоору старт алган. Ал сайт аркылуу сандардын өзгөчө айкалышы бар мамлекеттик унаа номерлерин онлайн аукциондор аркылуу жана аукционсуз сатып алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий