• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Балыкчыда милиция кызматкери көлгө секирип, өзүнүн өмүрүнө кол салган кызды куткарды

Аймак 0

Бишкек, 03.02.33. /Кабар/. Балыкчы шаарында милициянын аймактык ыйгарым кызматкери, өзүнүн өмүрүнө кол салып, көлгө секирип түшкөн кызды куткарып калууга жетишти, бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма-сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, кечээ жергиликтүү тургундан билдирүү түшүп,анда көлдүн пирсинде белгисиз кыз сууга секирүүгө аракет көрүп жаткандыгын билдирген. Нөөмөт кызматынын кызматкерлери дароо окуя болгон жерге милициянын жакынкы кезметтерин жиберишет.

Окуя болгон жерге биринчилерден болуп өзүнүн кесиптештери менен Балыкчы шаардык милициясынын аймактык ыйгарым кызматкери Амантур Бакиров келет.

"Ал убакытты текке кетирбей кызды сөзгө тартып, ойлонбогон кадамынан баш тартууну суранат. Бирок сөзгө көнбөгөн кыз муздак сууга секирет, кызды сактап калуу үчүн милиция кызматкери дароо анын артынан көлгө чумкуйт. Анын жанына сүзүп келип, кызды жээкке чыгарууга үлгүрөт", - деп айтылат маалыматта.

Андан кийин милиция кызматкерлери кызга биринчи жардамды көрсөтүшүп, аны ооруканага жеткиришет. Учурда кыздын ден-соолугуна коркунуч жок жана бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Милиция жарандарга өз өмүрлөрүнө өзгөчө маани менен кам көрүү зарылдыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий