• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ысык-Көлдө жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 06.08.18. /Кабар/. Кыргызстанда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 6-августта саат 03:36 чамасында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында - Ак-Сай айылынан 6 чакырым түндүк-батышта, Кызыл-Туу айылынан 7 чакырым түштүк-чыгышта, Тогуз-Булак айылынан 9 чакырым түндүк-чыгышта, Тоң айылынан 22 чакырым батышта жайгашкан.

Кыргызстандын калк жашаган аймактарында жер силкинүүнүн күчү Ак-Сай, Кызыл-Туу, Тогуз-Булак айылдарында 3 баллга жакындаган.

Пикир

Оставить комментарий