• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ысык суу дээрлик толугу менен берилди – Бишкек жылуулук тармагы

Коом 0

Бишкек, 27.06.18. /Кабар/. “Бишкек жылуулук тармагы” батирлерге ысык суу берип баштоо үчун калаа тургундарын жылытуучу түйүндөрдү өчүрүүгө чакырат.

“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө "Бишкек жылуулук тармагы" ААКнын Үй ичиндеги жылуулук жабдуу системдери башкармалыгынын башчысы Павел Рыбалкин билдиргендей, ысык суу 21-июндан тарта бериле баштаган.

“Бардык турак-үйлөргө ысык суу жеткирилди. Техникалык себептерден улам жылуу суу кошула элек беш объект бар”, - деп билдирди ал.

Рыбалкин кошумчалагандай, “Бишкек жылуулук тармагынын” балансында 441 чакырым түтүкчө бар, алардын ичинен 77и эскирген.

“Биз кышында көйгөй жаралбасын деп, тешилген түтүктөрдү оңдоо максатында жылына бир жолу ысык суу берүүнү токтотобуз”, - деп билдирди ал.

Бишкек мэриясынын “Бишкек жылуулук энерго” ишканасынын башкы инженери Баимбет Байгараев билдиргендей, алардын карамагында бардыгы болуп 65 от казандар бар, жайында алардын 19у иштейт.

“Суу дагы графикке ылайык берилет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий