• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Өзбекстан эмдөөдөн өткөн чет өлкөлүктөрдөн ПЧР-тест талап кылууну токтотту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. 16-марттан тартып эмдөөдөн өткөнү тууралуу маалыматы бар чет өлкөлүк жарандар Өзбекстанга ПЧР-тестсиз кире алышат. Тиешелүү чечимди Республикалык атайын комиссия кабыл алды.

Чечимге ылайык, эмделгени тууралуу маалымкаты жок жарандардан соңку 72 саат ичинде жасалган ПЧР-тест талап кылынат.

Мындан тышкары Өзбекстан менен Казакстан жарандары үчүн чек ара өткөрмө бекеттери ачылды. Эки мамлекет ортосунда эл аралык темир жол жана автобус каттамдары калыбына келитирилүүдө.

Жакын арада чет өлкөлүк жарандарга электрондук виза берүү системасы калыбына келтирилери күтүлүүдө. Туристтердин тез жана сапатуу маалымат алмашуусун камсыздоо үчүн Call-борборлор түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий