• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирус жуктургундардын саны 221ге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек , 03.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда бүгүн коронавирус жуктурган 16 жаңы учур катталды. Жуктургандардын саны 221 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн башкы мамлекеттик санитардык инспектору Нурмат Атабеков билдирди.

“Вирусология илимий-изилдөө институтунун клиникасында дарыланып жаткан 17 бейтаптан пневмония оорусу байкалууда. Төрттөөнүн абалы оор, алардын экөөсүнүн абалы стабилдүү оор”, - деп билдирди ал.

Нурмат Атабеков белгилегендей, көпчүлүк жарандар кырдаалдын олуттуулугун түшүнбөй жатышат.

Пикир

Оставить комментарий