• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 39,5 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 39 миң 506 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 560 жаңы учур катталды. Ал эми 564 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 7 бейтап каза болду.

Өлкөдө 15-августтан тартып карантиндик чектөөлөр жумшара баштады. Ташкентте коомдук транспорт, анын ичинде метро, ошондой эле региондордун ортосундагы аба, авто жана темир жол байланыштары өз ишин жандантты. Кайрадан "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр киргизилди.

Өзбекстанда коронавирустан 35 миң 551 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 282 бейтап каза болду. 3 миң 673 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 282 адамдын абалы оор болсо, 132инин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий