• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 64 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 64 миң 10 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 273 жаңы учур катталды. Ал эми 351 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 61 миң 68 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 534 бейтап каза болду. 2 миң 408 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий